Жаңылыктар
Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу өстү

Бир айда, тактап айтканда январда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 660,5 млн долларды түздү. 

Былтыркы жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге өскөнүн Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди. Айтымында, экспорттук ташуулар 18,1 пайызга, ал эми импорт - 2 эсеге көбөйдү. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсунүн көлөмү январда 265 млн долларды түздү.

Бул былтыркы жылга караганда 1,5 эсеге көп. Ошол эле учурда экспорттук ташуулар 1,8 эсеге, ал эми импорттук келип түшүүлөр 1,4 эсеге көбөйгөн. Республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россия жана Казакстанга туура келген.