Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчыларынын буга чейин жетишилген келишимине ылайык гуманитардык жардам катары миң тонна жогорку сапаттагы буудай үрөнү келип түштү.
Коңшу өлкөдө өндүрүлгөн “Карабалык - 20” сорту кыргызстандык дыйкандардын буудай түшүмүнүн сапатын жакшыртууга багытталган. Кайрак жерге себүүдө жакшы көрсөткүч менен айырмаланган жаздык үрөндү өлкөдө жайылтуу чечими кабыл алыган. Жер иштетүүчүлөр “Айыл банкка” арыз менен кайрылып, 2 жылдык мөөнөткө күрөөсү жок, 4 жарым пайыз менен алса болот.
Банк 300 миң сом өлчөмүндөгү товардык насыя бере алат. Айыл чарба министри тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында быйыл дыйкандар республика боюнча 19 миң тоннадан ашык жогорку сапатуу үрөн менен камсыз болоорун билдирди.