Бишкек шаарында "Туруктуу келечек үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр" аттуу жыйын өттү. Ага эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын максаты туруктуу өнүгүүнүн экономикага, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жана климаттын өзгөрүүсүн талкуулоо экендиги айтылды. Бүгүн дүйнөнү түйшөлтүп жаткан глобалдык көйгөлөрдү чечүү демилгесинде Кыргызстан да четте калбай, эл аралык уюмдардын колдоосу менен бирге аракет кылып жаткандыгы маалымдалды.