Ак-Суу районунун туругунунун үйүнөн мыйзамсыз кыйылган 7 түп карагай табылды. Маалыматка ылайык, Каракол токой чарбасынын токойчулары Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн туристтик экологиялык милициясынын кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын тургунунун кампасынан мыйзамсыз кыйылган каргайлар аныкталды.Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.