Жаңылыктар
Украинадагы Кыргызстандын жарандарын коопсуз жакка көчүрүү иштери улантылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Украинадагы Кыргызстандын жарандарын коопсуз жакка көчүрүү иштери улантылууда

Учурда Украинада 100дөй кыргызстандык бар. Тышкы иштер министрлиги аларды коопсуз жакка көчүрүү ишин улантууда. 

Украинадан коопсуз үчүнчү өлкөлөргө көчүрүлгөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу үчүн Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Польшага кетти. Консулдук кызматтын дипломаттары Польшадагы убактылуу баш калка жайларына жайгашкан кыргызстандыктардын мыйзамдуу турушу, тамак-аш менен камсыз болушун көзөмөлдөп, аларды Кыргызстанга алып келүүнү сүйлөшөт.