Жаңылыктар
Кыргызстанга 30 даана жүк ташуучу вагондор келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга 30 даана жүк ташуучу вагондор келди

Кыргызстанга 30 даана жүк ташуучу вагондор жана Р65 тибиндеги рельстер келди. Маалым болгондой, өткөн жылы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы өз каражаттарынын эсебинен 100 даана вагон, жаңы рельстерди сатып алган. 

Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 50 даана вагон, Р65 тибиндеги рельс келген. Жүк ташуучу вагон атмосфералык жаан-чачындан коргоону талап кылбаган жүктөрдү, курулуш материалдарын, металл конструкцияларды ташыйт. Р65 тибиндеги рельстин 1 метринин салмагы 65 кг түзөт, ал P43, P50 типтердеги рельстин түрүнө караганда бышыгырак келет.