Жаңылыктар
Жеке менчик бала бакчаларга мониторинг жүргүзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Жеке менчик бала бакчаларга мониторинг жүргүзүлөт
Билим берүү жана илим министрлиги 9-мартта интернетке жана социалдык желелерге чыккан 5 жаштагы баланын Бишкек шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын биринде сабалгандыгы тууралуу билдирүүлөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. 
Министрлик жабырлануучу тарап көрсөткөн Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 13, 28-батир дарегинде жайгашкан "Ала-Тоо" турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакчага лицензия берген эмес. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамга ылайык лицензиялоодон өткөн гана жеке менчик билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берилет жана алар билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында белгиленген талаптардын деңгээлинде кепилдикке алынган балдардын билим сапатын жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга милдеттендирилет.
Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар билим берүү ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү. Ата-энелер балдарын жеке менчик формадагы бала бакчаларга берүүдө сөзсүз түрдө алардын укуктук ченемдик документтери менен таанышып, эки тараптуу келишим түзүшү зарыл. Жогоруда айтылгандардын негизинде Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 13/28 дарегинде жайгашкан турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакча ээсинин мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү аныкталса, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат. Окуяга байланыштуу министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте республикадагы бардык жеке менчик формадагы бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт.