Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алпарышыбыз абадай зарыл болуп турган чак. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Мамлекет башчысы Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышып, парламентте кайрылуу кылды. Анда ал бири-бирибизди сындап, “кылдан кыйкым издебей”, ишти илгерилетүүнүн үстүндө аракет кылуу учур талабы экендигин белгиледи.
Парламенттеминистрлер кабинетинин мүчөлөрү Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Өзгөчөкырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Транспорт жана коммуникациялар министриЭркинбек Осоев, Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, Билим берүүжана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ант беришти. Казакбаев, Ажикеев жанаОсоевдер мурда иш сапарында болгондуктан ант бербей калышкан болчу, калганминистрлер жаңы дайындалган.
Андан соң өлкө башчысы эл өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөдү. Алгач ал жакында элебелгиленген мамлекеттик туунун отуз жылдыгы жана кечээки айымдардын эл аралыкмайрамы менен куттуктап өттү. Ант берген аткаруу бийлигинин мүчөлөрүн таза жанатак иштеп берүүгө чакырды. Андан соң Президент учурдун актуалдуу маселеринетоктолду.
Президент доллардын кунунун өсүшү, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын,азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын айтып, ушундай кыйчалышубакта бизге эң оболу ынтымак керек экендигин белгиледи.
Өлкө башчысы парламент мүчөлөрүнө Кумтөр маселесин колдоп беришкендиги үчүныраазычлык билдирип, алдыда дагы бир топ маселелер - мамлекетибиздиэкономикалык каатчылыктан чыгарып кетүүчү эң чоң долбоорлор боло тургандыгынайтты. Андай учурда эл өкүлдөрү менен кеңешип, эки жактыкарап кылчактабай, чечкиндүү кадамдарга барып, тездик менен алдыга жылуунууланта беребиз деген ишенимин айтты.
Ошондой эле өлкө башчысы 1-апрелден тартып бардык социалдык тармактагыкызматкерлердин эмгек акыларын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрө тургандыгынайтты.
Аны менен бирге президент Садыр Жапаров эл өкүлдөрүн ыкчам чечүүнү талап кылганкалган маселелер боюнча, аткаруу бийлигин эриш аркак иштөөгө чакырды. Азыркыабал талашып тартышуунун эмес ынтымак аркылуу көздөгөн максатка жетүүнү талапкылып жаткандыгын белгиледи.