28-февралдан бери Улуттук банк 26 килограмм алтын сатты. Мекеме бул рекорддук көрсөткүч экенин билдирүүдө. Баалуу металлды сатып алуу үчүн кезек күткөндөр күндөн күнгө көбөйүүдө. Акчанын куну жоголуп баратканынан чочулаган жарандар аны алтынга алмаштырууну туура көрүп жатышат.
Улуттук банктын башкы кеңсесине алтын сатып алуу үчүн кайрылгандар көбөйдү. Бирок баалуу металлды дароо эле алып кетүүгө мүмкүн эмес. Кезегин күткөндөр кийинки күнү келүүгө аргасыз.
Граммдап эсептелген өлчөнгөн алтын куймалары 2015-жылдан бери сатылып жатса, көлөмдүү 13 килограммга чейинки куймалар быйыл 1-февралда сатыкка чыгарылган. Аны азырынча сатып алгандар боло элек. Бирок сурап кайрылгандар көп.
Алтындын наркы жыл санап жогорулап келатат. Мындан улам каражатты алтынга алмаштырып сактоо тажрыйбасы дүйнөдө колдонулууда.
Улуттук банктын расмий сайтында 9-мартка карата 1 грамм алтындын наркы 8300 сом экени көрсөтүлүп турат.