Жаңылыктар
Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чагылдырган журналисттер арасында сынак жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чагылдырган журналисттер арасында сынак жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөнүн 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын мыкты чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү арасында сынак жарыялайт. 

Ал 5 номинация боюнча өтөт. Тагыраагы, “Мыкты телепрограмма”, “Мыкты радиоберүү”, “Мыкты макала, басылмалардагы макалалар сериясы”, “Мыкты макала, электрондук ЖМКдагы жарыялоолор сериясы” жана “Мыкты жарыялоо, социалдык медиадагы жарыялоолор, роликтер сериясы” боюнча материалдарды кабыл алуу башталды. 

Сынакка катышууну каалагандар өз материалын 30-апрелге чейин министрликтин synak2022gmail.com электрондук дарегине жиберүүсү керек. Анын жыйынтыгы 20-майга чейин атайын комиссия тарабынан чыгарылат. Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлык каралган.