Жаңылыктар
УКМК: Панфилов райондук электр тармагынын кызматкери пара менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Панфилов райондук электр тармагынын кызматкери пара менен кармалды

Панфилов райондук электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, буга чейин Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга Панфилов райондук электр тармагынын кызматкерлери «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында электр энергиясын пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн райондук электр тармагынын жооптуу кызматкерлери жарандан 97 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган Опузалап пара алуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 7-мартта Панфилов районунун аймагында 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Панфилов РЭТинин ага инспектору кармалды. Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.