Жаңылыктар
Кыргызстанда 9-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 9-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 9-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. 

Жаңы учурлардан аймактарга карата Бишкек шаарында – 12, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет аныкталган. Акыркы суткада 21 адам илдеттен сакайып чыкса, тилекке каршы бир бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 146 бейтап, амбулатордук түрдө 244 адам дарыланууда. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 671 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 734 киши айыгып чыкса, 2 миң 969 адам каза болду.