Жаңылыктар
Кыргызстанда төрөттүн деңгээли кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда төрөттүн деңгээли кандай?

Кыргызстанда аялдар орто эсеп менен үч же андан көп, айылдарда төрт же андан көп бала төрөшөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, төрөттүн жалпы коэффициенти репродуктивдүү курактагы бир аялга 3 бала туура келет. Мектепке чейинки мекемелердин санынын жыл сайын көбөйүшүнө карабастан, 2020-жылы 6 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу жалпы республика боюнча 22 пайызды, шаарларда 29%, айыл жеринде 20 пайызды түздү.