2022-жылга токойлорду көбөйтүү жана коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө республикалык бюджеттен 97,4 миллион сом каралды. Бул тууралуу Фианасы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1130 гектар аянтка токой өсүмдүктөрүн айдоо жана себүү, 13,1 млн даана көчөт өстүрүү, өткөн жылдарда эгилген токой өсүмдүктөрүн багуу пландаштырылууда. Ошондой эле гидротокойлорду мелиорациялоо, токойлорду патологиялык изилдөө, питомниктерди химиялык тазалоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.