Президент Садыр Жапаров бүгүн, күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды. Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуудагы алардын ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, Мамлекет башчысы иш-чара катышуучуларын Ата Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады.
Президенттин Жарлыктарына ылайык, Ички иштер министри Улан Ниязбековго “милициянын генерал-лейтенанты”, Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго “генерал-лейтенант”, Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге “милициянын генерал-майору”, Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовго “милициянын генерал-майору» наамы ыйгарылды.
Ошондой эле Коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраевге “генерал-майор”, УКМК төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы Жумгалбек Шабданбековго “генерал-майор”, Коргоо министрлигинин 01003-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мукамбетовго “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды. Президент Садыр Жапаров бүгүн наам алган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аларга жүктөлгөн милдеттерди мындан ары да татыктуу аткара берерине ишенимин билдирди. Аларга мындан аркы кызматына ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.