Жаңылыктар
Москвадагы мекендештер армрестлинг боюнча “Москванын арстандары” турнирин өткөрүштү
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадагы мекендештер армрестлинг боюнча “Москванын арстандары” турнирин өткөрүштү

Москвадагы мекендештер армрестлинг боюнча “Москванын арстандары” эл аралык турнирин өткөрүштү. 

Иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Беларусь, Өзбекстан жана Франциядан келген спортчулар катышты. Уюштуруучулардын айтымында, турнир үч айда бир өтүп турат. Катышуучулардын көбү кесипкөй спортчулар эмес, студенттер, мигранттар. 

Уюштуруучулардын айтымында, спорт элдерди бириктирет, сабырдуулукка жана бири-бирин сыйлоого чакырат. Иш-чарага жалпысынан 105 спортчу катышты. Кеченин кульминациясы москвалык мыкты атлеттер Александр Келейников менен Артём Меркуловдун кол кармашуусу болду. Бул кармашта Артём Меркулов күчтүүлүгүн көрсөттү.