Жаңылыктар
Бишкектин эки шайлоо округунда үгүт иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин эки шайлоо округунда үгүт иштери башталды

Бишкек шаарындагы Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоонун үгүт иштери башталды. 7-февралда башталган шайлоо алдындагы кампания, 20 күнгө созулат. 

БШК ошондой эле бюллетенде талапкерлердин тизмесин аныктоочу чүчү кулактын күнүн 8-февралга белгиледи. Ал күнү акысыз эфирдик убакыт бөлүштүрүлөт. Акысыз эфирди "Бешинчи канал" көрсөтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилегендей, 10-февралда бюллетендин формасы менен текстти бекитилет.

Ал күндөн кийин мандат талашуудан баш тарткан талапкерлерге шайлоого катышууга коюлган 100 миң сом өлчөмүндөгү күрөө акчасы кайтарылып берилбейт.