Сокулук районунда сойкуканаларды уюштуруп, аларды тейлеген деген шек менен 43-жаштагы аял кармалды.
Маалыматка ылайык, 4-февралдан 5-февралга караган түнү козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде жайгашкан саунанын администратору, сойкулук менен алектенген 6 кыз ИИБге жеткирилген. Жогорудагы саунанын администратору 43-жаштагы аял Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.