Жаңылыктар
Улуттук илимдер академиясында илимий кадрларды даярдоодогу көйгөйлөр талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук илимдер академиясында илимий кадрларды даярдоодогу көйгөйлөр талкууланды

Улуттук илимдер академиясында “Билим берүү жана санариптешүү: илимий кадрларды даярдоонун негизги пайдубалы” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү. Анда билим берүү менен илимди айкалыштыруу, илим менен өндүрүштү интеграциялоо, илимий кадрларды даярдоодогу көйгөйлөр жана келечек үчун зарыл болгон реформалар талкууланды.

Эгемендик алган отуз жыл аралыгында илимге көңүл бурулбай калганы турмуштун чындыгы. Аны менен катар илим менен өндүрүш өзүнчө кетти, билим берүү менен илим ортосундагы ажырым алыстай түшкөн. Тармакка бөлүнгөн каржынын аздыгынан кадр маселеси жаралды. 

Илим изилдеген, ачылыш жасаган, анысы өндүрүшкө же экономикага таасирин тийгизген жаш илимпоздор жокко эсе болуп, издеп калдык. Илимдер академиясы менен Аденауэр атындагы фонд биргелешип уюштурган конференцияда дал ушул маселе күн тартибине коюлду.