4-февралдан баштап Бишкек шаары боюнча муктаждарга 25 килограммдан ун таратылууда. Унду тегиз жеткирүү милдети район жетекчилерине жүктөлгөн. Гуманитардык жардам мамлекеттин кампасынан берилип, муктаждардын санына жараша төрт районго бөлүндү.
Гулипа Карымшаков 5 баланын энеси. Биринчи топтогу майып жолдошу өткөн жылы көз жумган. Чакан үйүндө неберелерин кошкондо 9 киши жашап, ырыскысын тигүүчүлүктөн табат.