Жаңылыктар
Бишкекте классикалык гитаристтердин кароо-сынагы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте классикалык гитаристтердин кароо-сынагы башталды

Бүгүн Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында Назарматов Даниал Мукашовичтин мааракесине арналган республикалык иш-чара классикалык гитаристтердин кароо-сынагы башталды. 

Аталган сынакта Республиканын бардык аймактарынан келген дээрлик 70 катышуучу гитара чеберчилиги боюнча күч сынашат. Кийинчерээк Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында сынактын жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти болот. Даниал Назарматов Кыргызстандагы классикалык гитара искусствосунун мектебинин негиздөөчүсү. Аны өмүр бою талыкпай жайылтып келет. Анын жетекчилиги астында республикада классикалык гитаранын биринчи конкурстары жана концерттери өткөн. Даниал Назарматовдун чыгармачылыгында эң оболу мекенине болгон чын ыкластуу сүйүүсү чагылдырылган. 

Улуттук аспап өнөрүнүн тарыхында биринчи жолу кыргыз күүлөрү классикалык гитара үчүн иштелип чыгып, реаранжировкалана баштаган. Даниял Назарматов кыргыз тилиндеги “Гитара чертүү мектеби” жыйнагынын да автору. Композитор, музыка таануучу, педагог, кыргыз музыкасынын көрүнүктүү аткаруучусу жана үгүтчүсү катары Даниал Назарматовдун Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. Анын ысымы өлкөнүн музыкалык мурасында алдыңкы орундардын бирин ээлейт.