Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрынын" чыгармачыл жамаатын кабыл алды.
Жолугушууда жаңы маданий-агартуучулук мекемесинин уюштуруу, иштөө маселелери талкууланып, айтуучулук-дастанчылык өнөрдү сактоо, жайылтуу тууралуу сөз болду. Төрага кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, руханий баалуулуктарын даңазалоого кошкон салымдарын белгилеп, Жогорку Кеңеш манасчылык өнөрдү өнүктүрүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Өз кезегинде мекеменин жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулу өлкөнүн ар бир жараны "Манас" эпосун билип, ардактап жана сыймыктанышы үчүн кандай иш-аракеттер жасалып жатканын айтып берди. Белгилей кетсек, "Манас" театры президенттин жарлыгына ылайык түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал курамда 20 кызматкер эмгектенүүдө.