Мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз баңгизат алып өтүү каналына бөгөт коюлганын УКМК билдирди.
3-февралда Кыргызстандын жарандары Казакстан менен чектешкен Кара-Буура районундагы Аманбаев тилкесинде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз түрдө баңги затын алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринде кармалышкан. Кармалгандардын бири мурда баңги затын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы такталды.
Текшерүү учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан жалпы салмагы 12 кг жакын баңгизаты табылган. Бул факты кылмыш-жаза кодексинин баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыр бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.