Жаңылыктар
УКМК: Чүй облусунда курал-жарак, ок-дарылар сакталган жай табылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Чүй облусунда курал-жарак, ок-дарылар сакталган жай табылды

Чүй облусунда курал-жарак, ок-дарылар сакталган жай табылганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Тактап айтканда, Макаров тапанчасы, Калашников автоматынын 5,45 жана 7,62 калибрдеги бир нече гильзалары, Казакстандын транспорт каражатына таандык мамлекеттик номер, ошондой эле жардыргыч затты колго жасай турган буюмдар табылды. 

Маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак кылмыштуу топтор тарабынан кылмыш жасоо үчүн даярдалып жаткан. Учурда аны катып, сактап жүргөндөрдүн ким экендиги аныкталууда.