Жаңылыктар
Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын бир күндө 1 миң 770 адам алды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын бир күндө 1 миң 770 адам алды

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын бир күндө 1 миң 770 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында – 197, Ош шаарында – 102, Чүй облусунда – 155, Ош облусунда – 483, Талас облусунда –117, Нарын облусунда – 73, Ысык-Көл облусунда – 158, Жалал-Абад облусунда – 297, Баткен облусунда – 188 адам эмделди.