Жаңылыктар
Кыргыз балын Европа биримдигине экспортоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз балын Европа биримдигине экспортоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков венгриялык "Fulmer Apiary" соода-өндүрүштүк компаниясы менен кыргыз балын Европа биримдигине экспортоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Венгриялык компания кыргыз балынын сапатын экологиялык жактан таза продукт катары жогору баалап, Европа рыногунда сатуу менен Венгрияга продукцияны импорттоого кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде министр республикада бал өндүрүүнүн жогорку потенциалын жана бул тармактын Европа рыногунун жогорку сапаттагы экологиялык таза продукцияга болгон суроо-талабын канааттандырууга даяр экендигин белгиледи. 

Ал кыргыз балын Евросоюзга экспорттоого коюлган тыюуну алып салуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын айтып ишендирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы бул багытта мындан аркы кызматташуунун жана колдоонун маанилүүлүгүн, анын ичинде Фонд тарабынан мүмкүн болуучу каржылоону белгиледи.