Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы тарабынан мыйзамсыз бак кыюулардын алдын алуу жана аныктоо максатында комплекстүү иш чаралар өткөрүлүүдө.
30-январь күнү болжол менен саат 16.30 чамасында аталган кызматтын кайгуул экипажынын кызматкерлери, Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын 43 жаштагы тургуну, Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдарынын ортосунан, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун боюнан 8 даана бак-дарактарды кыйып жаткандыгын аныкташкан. Текшерүү учурунда, жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине бак-дарактарды кыюууга уруксат кагаздарын көрсөтө алган жок.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тийиштүү иш кагаздары тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.