31-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардын бир катар кичи райондорундагы тротуарлардын абалы менен таанышты.
Калаа башчы тиешелүү тармактардын жетекчилери менен биргеликте Южный, Юго-Восток кичи райондорун кыдырып, Жеңишбек Бабараимов, Гапар Айтиев, Заднепровский көчөлөрүндөгү жолду жана тротуарларды көрдү. Калаа башчы бул аймактарга тротуар куруу жана алардын абалын жакшыртууга басым жасоо керектигин белгиледи.
Кыдырууда мэр тарабынан Бабараимов көчөсүнүн боюна соодагерлер тарабынан коюлган тосмолорду алып, жабылган тротуарды ачуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле Гапар Айтиев көчөсүндө коомдук транспорттордун аялдамага кирүүсүнө зарыл шарттарды түзүү, мыйзамсыз жарнактарды, тосмолорду алуу талабы коюлду. Аны менен катар Заднепровский көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө тоскоолдук жараткан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тосмосун алып салуу иштери жүргүзүлөт.
Алмаз Мамбетов башка көчөлөрдүн катарында Бабараимов, Г.Айтиев, Заднепровский көчөлөрүндөгү тротуарларды талапка ылайыкташтырууну тапшырды. Быйылкы жылы жөө жүргүнчүлөргө шарт түзүү Ош шаарынын мэриясынын негизги багыттарынын бири болуп саналат.