Жаңылыктар
Мыйзамсыз салынган турак жайлардын маселеси чечилет
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз салынган турак жайлардын маселеси чечилет

Президент буга чейин "Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон. 

Анда план боюнча жер которуу иштерин жүргүзүүдөн сырткары, мыйзамсыз жерлерге салынган турак үйлөрдү мыйзамдаштыруу жагы каралган. Ал жерде жашаган жарандардын социалдык көйгөйлөрүн жана инфраструктура маселесин чечүү болгон. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында жерлерди трансформациялоо маселеси каралды.

Шаардык кеңештин күн тартибине калкты турак үйлөр менен камыз кылуу үчүн жерлерди трансформациялоо маселеси коюлду. Жалпысынан, 74 гектар жер сунушталып, сессияда депутаттар басып алынып, мыйзамсыз тамдар салынган 35 гектар аянтты трансформациялоого алуу жагын колдогон жок. Анткени ал аймакта калктуу конуш менен өндүрүштүк аймак аралаш отурукташкан. Мындан улам экология жана санэпид кызматы терс корутунду берген. Шаардык кеңеш колдоого албай, кайра кароого жөнөтүлгөн өндүрүштүк аймак делген жерде 500дөй турак жай курулган. Жалал-Абад шаарында жалпы 142 гектардан ашуун жерди трансформациялоо жагы каралган. Бүгүнкү күндө 106 гектар аянтты трансформацияга берүү үчүн тийиштүү кагаздары облуска жөнөтүлгөн.

Ал эми Сузак району боюнча 1 миң 237 гектар аянтка мыйзамсыз турак жайлар курулган. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз тамдар салынган жерлерге кадастрдык план сызуу иштери жүргүзүлүүдө. Мыйзамга ылайык, үч категориядагы жер тилке трансформация болот. Биринчиси - 2018-жылга чейин ар кандай жолдор менен үй курулуп калган айыл чарба багытындагы жерлер. Экинчиси - тиешелүү документтери бар, бирок үй курууга уруксат берилбей жаткан жер тилкелер. Үчүнчүсү - салынып калган үйлөрдүн арасында айыл чарба багытында иштеткенге мүмкүн болбогон, кайрак жерлер.