Жаңылыктар
Эдил Байсалов Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Эдил Байсалов Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  Эдил Байсалов Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Сапардын жүрүшүндө ал Нарын облустук китепканасынын иши менен таанышып, мекеме кызматкерлери менен эмгек акыны төлөө шарттары маселесин талкуулады.

Ошондой эле Эдил Байсалов Нарын облусунун 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынга катышат. Мындан тышкары, бүгүн Ат-Башы райондук аймактык ооруканасына баруусу пландаштырылган.