Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 13 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбаев билдирди. "Жабыркагандардын бардыгы учурда Баткен облустук бириктирилген ооруканада. Алардын абалы орточо оор болуп жатат. Тиешелүү дарылоо көрсөтүлүүдө", — деди ал. Бөрүбаев көзүнөн жаракат алган бир аскер кызматкери Бишкекке жөнөтүлгөнүн кошумчалады.