Жаңылыктар
"Кумтөр" кени Кыргызстандын ээлигинде. Алтынды бөлүп алуу 88% га аткарылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" кени Кыргызстандын ээлигинде. Алтынды бөлүп алуу 88% га аткарылды

"Кумтөр" алтын кени мамлекеттин карамагына өткөнү, кирешеси да тиешелүү түрдө өсүп жатат. Кендин тегерегиндеги маселе акыркы 30 жылдан бери көтөрүлүп, бирок былтыркы октябрь окуяларынан кийин гана чечкиндүү кадамдар жасалды. 

Май айында тышкы башкаруу киризилип, эң негизгиси элдин талабы аткарылып, мындан ары алтын кени мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын Президент Садыр Жапаров билдирген.Негизи "Кумтөр" кени ишке киргенден кийин Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн чоң түрткү бериши керек болчу. Бирок, акыркы 30 жылда мындай идея ишке ашкан жок. Тескерисинче тамыр жайган жемкорлук орун алып, аны менен катар экологияга эбегейсиз чоң зыян келди.

Кенди иштетүү мамлекеттин колуна өткөн маалдан тарта чет элдик компания жараткан тоскоолдуктардан улам июнь-июль айларында алтынды өндүрүү 60 пайызга чейин кыскарып кеткен, бирок кыска аралыкта бардык көйгөйлөр чечилип, сырткы башкаруу толук иштей баштаган август айынын аягынан тарта алтын өндүрүшү токсон пайызга чейин жеткен. Жалпылап айтканда, өткөн жылдын жыйынтыгы менен алтынды бөлүп алуу 88% га аткарылды.