Жаңылыктар
Жер маселеси чечилүүдө. Кыргызстанда жалпысынан 80 миңден ашык талаштуу жер аянттары катталган
Кыргызстан жаңылыктары
Жер маселеси чечилүүдө. Кыргызстанда жалпысынан 80 миңден ашык талаштуу жер аянттары катталган

Өздөрүнө тиешелүү жер участокторун 20 жылдан бери мыйзамдаштырып ала албай жүргөн жарандардын маселеси жакынкы жаз айларында чечилгени турат.

Бул маалыматты "Кадастр" мамлекеттик мекемеси бекемдеди. Кыргызстандын аймагындагы жалпысынан 80 миңден ашык ушундай талаштуу жер аянттары бар. Азыр жергиликтүү тургундарга кызыл китебин берер алдында мурда аларга берилген жер мыйзамдуу болгонбу же жопку деп дагы бир жолу тактап, аныкталып, текшерилип жатат.

Жер участогун мыйзамдаштыра албаган элдин көйгөйү 20 жылдан бери уланып келген. Кыргызстандын аймагындагы бир топ жаңы конуштарда эл жашаганы менен юридикалык макамы жок болчу. Мыйзамдуу каттоосу жок болгондон кийин алар ооруканага көрүнө албай же балдарын мектеп, бала бакчага бере албай же пенсия менен жөлөк пул ала албай бир топ азап тартышчу.

Миңдеген үй-бүлөнүн жүрөгүн өйүгөн маселеге Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында чекит койду. Мурдагы президенттер жылдап чече албай келген маселенин жоопкерчилигин өзүнө алып, жаңы жылды утурлай чечим кабыл алды. Башкалар батынбаган, жылдар бою топтолуп түйүнү чечилбеген маселени чечүүдө саясий эркин көрсөттү. Ушуну менен үй-жайы, жер участогу турса дагы ошону мыйзамдаштыра албай укугу чектелүү болуп келген 10 миңдеген жарандардын багы ачылды. Андан бери президент элдин өзү менен бетме-бет келип, 2 жолу жаңы конуштардын элине жолукту.