Президент Садыр Жапаров расмий кызматка киришкенине бир жыл болду. Өлкө башчысы алгач 30 жылда чирип бүткөн системаны тартипке салды.
Президенттик шайлоо, мамлекетти башкаруу системасын аныктоо боюнча референдум өтүп, жаңы Конституция кабыл алынды. Бүгүнкү күндө бардык мыйзамдар ага шайкеш келтирилип, иштеп жатат. Саясий реформалардын соңку этабы парламенттик шайлоо менен жыйынтыкталып, экономиканы көтөрүү аракети колго алынды.
Бул мүдөөлөрдү орундатуу үчүн биринчи коомдук саясий абалды турукташтырып, бардык иш-аракеттерди мыйзам менен чечип, укуктук талаага кайтарууга кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров 30 жылда чирип бүткөн натыйжасыз мамлекеттик системаны 1 жылда тартипке салды. Кимдин эмнеге жооптуу экени белгиисиз болгон парламенттик-президенттик башкаруудан бардык жоопкерчиликти өзүнө ала турган Президенттик башкарууга өттүк. Жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган Конституцияга Президент 5-майда кол койгон.
Биринчи кезекте элдин депуттарды азайтуу талабы аткарылып, Жогорку Кеңешке мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат шайланды. Эң башкысы элдин эркин тандоосу орундалып, талапкерлердин ар бирин шайлоочу өзү тандап алды. Муну менен Президент партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып алып, бизнес жасоо практикасын жайылткан алдамчы системаны жойду.
Саясий реформалардын соңку этабы дал ошол парламенттик шайлоо менен жыйынтыкталып, Кыргызстан Борбор Азиядагы эң бир демократиялык принциптерди бекем карманган, тышкы саясатта көп векторлуу багытынан тайбаган өлкө бойдон калды. Мамлекет Америка, Европа, Азиянын өлкөлөрү менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулууда. Президенттин Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстанга иш сапарларынын натыйжасында бир нече биргелешкен инвестициялык фонддор түзүлүп жатат.
Президент өткөн жылы 1000 кВт сааттык лимит боюнча убадасын толук аткарып, бийик тоолуу жерлерден аталган чектөө таптакыр алынды. Бүгүнкү күндө 110 миң аялуу катмарда жашаган үй-бүлөгө электр энергиясына болгон тарифтер арзан, киловатына элүү тыйындан эсептелип берилүүдө.
Президент жер тилкелерин трансформациялоо тууралуу мыйзамга кол коюп, 10 миңдеген үй-бүлөнүн көптөн бери чечилбеген маселеси чечилди. Жыйынтыгында борбордун айланасында жашаган жарандар каттоого туруп, балдарын бала бакчага берип, медицианлык жана башка мамлекеттик кызмттарды ала башташды.
Алдыда өлкөнүн өнүгүшү үчүн аткарыла турган иштер арбын. Экономиканы калыбына келтирип, бюджетти кескин көтөрүү милдети турат.