Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган кыргыз делегациясы тажик кесиптештери менен Согди облусунда жолукту. 

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Ушул тапта, коңшу мамлекет менен чектешкен аймакта абал туруктуу. Төрт-Көчө тилкеси ачылып, унаа каттамдары жанданган. Эваукацияланган 12 миңдей жай тургун жылуу төшөнчү, ысык тамак менен камсыз болгон. Окуядан денелерине ар кандай жараткат алган 12 аскердин абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Чек ара окуясы Мамлекет башчысынын жеке козомолундо болду. Кырдаалды тез арада турукташтыруу учун ыкчам штаб тузулуп, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ыкчам байланыш иштеп турду. УКМК торагасы 28-январдын танында Баткенде куч тузумдору менен чукул жыйын откоруп, координациялоо ишин колго алды.

Кырдаалды турукташтырууга аракет кылган Баткен менен Согдий облус башчыларынын куч тузумдорунун тынымсыз суйлошуулоруно карабай, тажик тараптан ок атуу токтогон эмес. Алгач, чек ара заставасы менен электр линиялары керектен чыккан. Кийинирээк, Чыр-Дободон миномет жана гранатаметтордон ок атылган. Натыйжада 12 кыргыз аскери денелерине ар кандай жаракаттарды алган. Бул учурда, Баткен облусттук биргелешкен ооруканасы жабырлануучуларды кабыл алуу учун кучотулгон тартипте иштеп жаты. Саламаттык сактоо кызматкерлерине коншу шаарлардан жана Ош облусунан адистер тартылган. Учурда жабырлануучулардын абалы туруктуу, дарыгерлердин козомолундо.