Жаңылыктар
Көмүрдүн чекене баасы бир пайызга төмөндөдү
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүрдүн чекене баасы бир пайызга төмөндөдү

Ушул жылдын январында Кыргызстан боюнча көмүрдүн чекене баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу бир пайызга төмөндөп, бир тонна үчүн 5 миң 178 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында бир тонна үчүн - 3 миң сом, Балыкчыда бир тоннасы үчүн - 3 950 сом жана Нарын шаарында бир тоннасы - 4 400 сом болгону байкалды. 

Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку баалар Кара-Суу, Баткен жана Ноокат шаарларында катталды. 

Жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө карата бааларды жөнгө салуу максатында, Министрлер Кабинетинин токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.