Электр энергиясы массалык өчкөнүнө байланыштуу Кыргызстандагы ооруканаларда көйгөйлөр жаралган жок. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Электр энергиясы үзгүлтүккө учураар замат ооруканаларда кошумча генераторлор иштеген. Абал министрдин көзөмөлүндө болду. Кыргызстан боюнча жалпы 200 оорукана, 1500дөн ашык медициналык мекеме бар. Алардагы генераторлор 9 саатка чейин иштейт.