Жаңылыктар
Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын форуму өтөт

Быйыл Кыргызстандын сунушу боюнча Евразия экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.

Иш-чара 27-майда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына карата уюштурулмакчы. Анын максаты уюмга мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү жана чарба субъектилери ортосундагы кооперациялык байланыштарды түзүү болуп саналат. 

Белгилей кетсек, ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуу милдети быйыл Кыргызстанга өткөн.