Өлкө боюнча электр энергиясын берүү калыбына келтирилүүдө. Учурда электр энергиясынын Борбор Азия боюнча өчүү себеби териштирилип жатат.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, биздин энергетиктер абалды көзөмөлгө алууда. Бүгүн саат 12:15те Кыргызстандын басымдуу аймагында жарык өчтү. "Электр станциялары" ишканасы билдиргендей, өлкө аймагындагы Жылуулук борборлорунда жана ГЭСтерде авария болгон жок. Электрдин өчүү себебин энергетиктер Борбор Азиядагы электр шакекчесинде болгон авария менен байланыштырууда.
Өлкө боюнча электр жарыгы 2 сааттан кийин калыбына келе баштады. Ооруканаларда, стратегиялык маанилүү аймактарда кошумча генероторлор иштеп турду. Бул аралыкта жол чырактары иштебей, жолдордо тыгындар менен баш аламандыктар, лифте, тоо лыжа базаларынын асма жолдорунда адамдар калганы айтылды.