Бажы кызматында иштегендердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекет 170 млн сомдон ашуун зыян тарткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Атап айтканда, кызматкерлер унаа ташыган жеке жактар менен "жең ичинен сүйлөшүп", ЕАЭБдин талаптарын одоно бузган. Тагыраагы, 2019-жылы Кыргызстанга келген автобустарды арзандатылган тариф менен мыйзамсыз өткөрүп жиберишкен. Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда аталган мыйзам бузуу боюнча тергөө жүрүп жатат.