Ошто жүрөккө өзгөчө операция жасалды. Аны Орусияда иштеген мекендеш-дарыгер ишке ашырды. Оштогу жеке клиникалардын биринде 63 жаштагы жарандын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалды.
Аны 10 жылдан бери Орусияда эмгектенген дасыккан кыргыз дарыгери, Оштогу кесиптештери менен биргеликте жүзөгө ашырды. Кан тамырды улоо ыкмасы Кыргызстанда жаңыдан киргизилип жатат.