Жаңылыктар
Санарип иш ыргагын тездетет. Ысык-Көлдө 61 айыл өкмөт санариптик программалар менен иш алып барууда
Кыргызстан жаңылыктары
Санарип иш ыргагын тездетет. Ысык-Көлдө 61 айыл өкмөт санариптик программалар менен иш алып барууда

Ысык-Көл облусундагы 61 айыл өкмөт санариптештирүү долбоорунун алкагында негизги үч программа менен иш алып барууда. "Санарип аймак", "е кызмат" жана "электрондук документ" жүгүртүү программалары боюнча алыскы аймактардагы адистер атайын окуулардан өткөрүлгөн.

Ак-Суу районунун борбору Теплоключенко айыл өкмөтү санариптештирүү долбоорунун алкагында санарип аймак, е кызмат жана электрондук документ жүгүртүү программалары менен иш алып барууда. Азыркы тапта айыл өкмөтүнө тийиштүү иш кагаздары, кожолуктар жана чарбалар боюнча маалыматтар електрондук тутумга 92% пайызы киригизилген. Бул багытта айыл өкмөтүндө иштеген тогуз адис иш алып барууда.