Февралдан баштап республика боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратылат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен Төрагасы Акылбек Жапаровдун атайын тескемеси чыкты. Анын негизинде Мамлекеттик материалдык резервдер фонду даярдык көрүүдө. Азыркы тапта калкка берилчү ундун жарымы даяр болуп калды, калган бөлүгү тегирмендерден өткөрүлүүдө.
Пандемиядан улам азык-түлүккө болгон баалар көтөрүлүп, өзгөчө калктын аялуу катмарына таасирин тийгизүүдө. Өткөн жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 2 млрд каражат бөлүнүп, алар кампага керектүү азыктарды камдашкан. Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында аларга ун таратыла турган болду.