Баткен облусуна берилген макам жана жеңилдетилген мамлекеттик, муниципалдык кызматтардан тышкары, облустун чек арага жакын жайгашкан 62 айылдын тургундарынын пенсиясы 2 миң сомго көтөрүлөт. Ошондой эле, жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү, чек арага жакын жайгашкан 62 айылда жашаган социалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да каралууда.
Абдилла Ысманов Баткен облусундагы чек ара макамы берилген Чоң-Талаа айылында жашайт. 40 жыл колхоздо трактор айдап эмгектенген. Учурда алган пенсиясы 4000 сомго чамалайт. Бул тыйын карыянын күнүмдүк турмушуна жете бербейт. Андыктан "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамдын алкагында, март айынан тартып пенсиясына 2000 сом кошулаарын угуп, кабарды кубануу менен кабыл алды.