Былтыр кургакчылыктын айынан түшүмдүн 30 пайызы күйүп кеткен. Быйыл андай абалга кептелбеш үчүн алдын ала чаралар көрүлүп, каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды жакшыртуу иштери эрте башталды. Министрлер Кабинети тарабынан бардык иштерди 8-мартка чейин жыйынтыктоо тапшырмасы берилген.
Аламүдүн районундагы эң алыскы делген Октябрь айылы көйгөйлүү участок деп саналат. Айыл ичинде 40 чакырымга созулган арык бар болсо анын 10 чакырымы гана бетондолгон. Мунун айынан 40% пайызга чейин суу жоготууга учурайт. Ушул тапта көп жылдан бери колдун күчү жетпей, камыш, дарактар өсүп кеткен арыктарды атайын техника менен тазалоо иштери жүрүп жатат. Муну менен суу жоготуунун көлөмү 20 пайызга кыскарат деп болжолдонууда.