"Омикрон" балдарга жукканда эле алсыратып, аларды күнүмдүк жашоо образынан ажыратат. Табити тартпай, көпчүлүктү жактырбай чыргоолонот. Мындай учурда ата-энеси дароо дарыгерге кайрылып же баланы жылуу кармап, суюктукту көбүрөөк бериши керек. Балдар ооруганда буга чейинки айтылып жүргөн дене табы көтөрүлгөн, жөтөлгөн симптомдор дайыма эле байкала бербейт.
Учурда Республикалык эне жана баланы коргоо борборунда бир айлык ымыркайдан баштап 15 жашка чейин ковид менен ооруган балдар дарыланууда.