Жаңылыктар
Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионатында жарым финалга чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионатында жарым финалга чыкты

Кыргызстандык Нурадин Рустамбек уулу, Мирзохид Имамназаров жана Рыспек Бектенов 22 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. 

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Мелдеш 20-январдан баштап Ташкент шаарында өтүүдө. Нурадин Рустамбек уулу 71 кг салмакта мелдештин чейрек финалында тажикстандык Хуршед Усвалиевди 5:0 эсебинде утуп алды. Мирзохид Имамназаров 63,5 кг салмакта Япониядан келген Китамото Шунсукени 3:2 эсебинде, ал эми Рыспек Бектенов 60 кг салмакта Шри-Ланкадан келген Гадул Пассара Лекам Гедараны утуп алды. Белгилей кетсек, чемпионат 30-январда жыйынтыкталат.