Жаңылыктар
Президент Борбор Азия жана Кытайдын жамааттык онлайн жолугушуусуна катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Борбор Азия жана Кытайдын жамааттык онлайн жолугушуусуна катышат

Президент Садыр Жапаров эртең, 25-январда, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбор Азиянын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчыларынын жамааттык онлайн жолугушуусуна катышат. 

Кытай тараптан демилгеленген "Борбор Азиянын мамлекеттери - Кытай" онлайн-саммитине КЭР төрагасы жана Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын президенттери катышат. 

Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектри, ошондой эле көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат. 

Онлайн-саммиттин жыйынтыгында дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбор Азиянын жана Кытайдын мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат. 

Белгилей кетсек, Кытай Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган. 1992-жылдын 5-январында эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлган. 

Эки тараптуу мамилелердин негиз салуучу документи болуп 2002-жылы кол коюлган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишими саналат.