Өлкөдөгү бардык айыл өкмөттөрү 1-мартка чейин электрондук документ жүгүртүүгө өтүшү керек.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргизүү боюнча кеңешме өткөрүп, облус өкүлдөрүнө бул багытта бир топ тапшырмаларды берди. Анда “Инфодокс”, “Е-Кызмат” жана “Санарип аймак” программаларынын негизинде иш жүргүзүлөт.
Азыркы тапта бардык мамлекеттик кызматкерлер иш кагаздарын электрондук негизде жүргүзөт. Бул алардын иш ыргагын тездетүүгө жана документ иштеринин мөөнөтсүз ишке ашуусуна жардам берет.