Кассалык-көзөмөл машинаны иштетүү көмүскө экономиканы жокко чыгарууну шарттайт. 20 чарчы метрге чейинки аянтчасы бар соода түйүндөрдүн ээси 2022-жылдын 1-апрелинен тарта кассалык-көзөмөл машинасын колдонууга өтүшү керек. Жалал-Абад шаарында салык кызматынын адистери соода тармагындагы ишерлерге ККМди орнотуу, колдонуу тартиби тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мадина Марипова 30 орундукка ылайыкталган тамактануучу жайды иштетет. Айтымында, келген кардар көп, күнүмдүк соода жакшы. Ашкана 2 жыл мурун ишке кирсе, ошол убактан баштап көзөмөл-кассалык аппарат колдонулат. Ар бир жаран төлөгөн суума ККМге түшүрүлүп, чек чыгарылат. Бирок дүмүрчөктү баардык эле жаран талап кылбайт. Тамактанганы келгендердин 10 пайызы гана сурайт.